ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын эстеликтерин тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансына 44 эстелик кирет. Жаздын келиши менен “Тазалык” муниципалдык ишканасы эстеликтердин айланасын тазалап, көрктөндүрүү иштерин баштады.

 

Азыркы мезгилде Жеңиш аянтындагы “Түбөлүктүү от” постаменти ыраатталып, учурунда өчүрүлүп калган боз үйдү чагылдырган конструкция калыбына келтирилет.
 
Мындан тышкары, Жаштар аллеясындагы эстеликтер, И.Панфиловдун монументи, Ленинград блокадасынын катышуучуларынын мемориалдык комплекси, Ататүрк паркындагы жоокер-интернационалчылардын эстелиги тазаланып, көрктөндүрүлүүдө.
 
2012-жылы “Тазалык” муниципалдык ишканасы Орус драма театрына жакын жайгашкан “Түбөлүктүү от” монументин сырдоо, оңдоо иштерин жүргүзгөн.