ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы “Жал” кичи районунда чарба субеъкттери жана коомдук фонддор тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн казылган 5 ойдуңду (котлован) таштандылардан тазалады

Казылган ойдуңдар көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн бөлүнгөндүгүн белгилей кетүү зарыл, бирок алар көп мезгилден бери кароосуз калып, таштандыларды таштоочу жайга айланган.

 

Жер тилкелеринин ээлери тазалоо, көрктүндүрүү иштерин алып барбагандыктан жергиликтүү тургундардын нааразычылыктары келип чыккан. Ошол эле учурда, жергиликтүү тургундар ойдуңдарды өздөрү таштандыларга толтурушкан жана аларды тазалоого кол кабыш кылышкан эмес.
 
Ленин райондук администрациясынын демилгеси менен ишембиликтер уюштурулуп, аталган ойдуңдардан 30 тоннадан ашык таштандылар чыгарылды.
 
“Учурда аталган ойдуңдар жайгашкан жер тилкелеринин ээлерин табуу жана аларды ирээтке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ойдуңдардын тегерегин курчоо зарыл, антпесе кырсыктардын болушу да мүмкүн”- дейт Ленин райондук администрация башчысы А.Өмүрбекова.
 
Азыркы мезгилде “Жал” кичи районунда 11 ойдуң бар.