ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жакшы коңшу алыскы туугандан артык

Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кытай Элдик Республикасынын Кызыл Крест коому жана Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай Улуттук коомдору арасында эки тараптуу өз ара кызматташуу жөнүндө келишим түзүлдү.

 

Кытай Элдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук Ыйгарымдуу Элчиси Ци Дайюй мырзанын жана Элчиликтин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Цзинь Юй Лун айымдын 200 миң доллар өлчөмдөгү гуманитардык жардамды тапшырышы өз ара кызматташуунун чечкиндүү кадамдары болуп калды. Гуманитардык жардамга медикаменттер, одеялдар, чатырлар, боз үйлөр, кеңсе техникалары кирет. Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтү тарабынан мындай мээримдүүлүк акциялары мурда да көрсөтүлүп келген. Элчи мырзанын айтымында, бул иш-чаралар өз ара экономикалык кызматташуунун жакшы өбөлгөсүн түзөт.
 
Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай Улуттук коому бул гуманитардык жардамга берилген буюмдарды өлкөдөгү өзгөчө кырдааларда пайдаланмакчы. “Алар коомдун республикадагы бардык филиалдарына бөлүштүрүлүп берилет”- дейт КР Кызыл жарым ай коомунун башкы директору  Р. Алеев.