ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Сакура дарагынын 14 көчөтү уурдалды

15- апрелден 16-апрелге караган түнүДайыр Асанов атындагы “Жеңиш паркынын түштүк-чыгыш бөлүгүнөн сакура дарагынын 14 көчөтү белгисиз адамдар тарабынан уурдалганы белгилүү болду.

 

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жаңыдан олтурузулган көчөттөрдүн сакталышы боюнча иш-чаралар алынып барууда. Аталган факт боюнча Октябрь райондук ИИБна, Бишкек шаарынын ИИББна жана “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына ыкчам чаралардын көрүлүшү жөнүндө тапшырмалар берилди. Октябрь райондук ИИБ, Бишкек шаарынын ИИББ тарабынан “Жеңиш” паркында күчөтүлгөн күзөт иштери уюштурулду.
 
Учурда уурдалган көчөттөрдүн орду толукталып, сакура дарагынын көчөттөрү кайрадан олтургузулду. Көчөттөр декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн сатуучу фирмадан алынды. Ал эми шаар тургундары арасында көчөттөрдү сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
 
Эске сала кетсек, Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркына сакура дарагынын көчөттөрү 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин катышуусунда олтурузулган.
 
Тилекке каршы, муниципалдык мүлктү, гүл көчөттөрүн, дарактардын көчөттөрүн уурдоо фактылары мындан мурда да катталып келген.