ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери “Люкс” унаа жуучу пунктунун ишкерлери тарабынан санитардык ченемдердин талаптарын бузууларын аныкташты

Ленин району боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө, СЭИ кызматкерлери Асаналиев көчөсүндө жайгашкан (№55- үй) “Люкс” унаа жуучу пнктунун ишкерлери санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын одоно бузууга жол беришкендигин аныкташты. Жол жээгиндеги газонго таштандылар ыргытылып, пункттун түштүк жагына кургак таштандылар баш аламандыкта жыйналган.

 

Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик” Кодексинин 489-беренеси боюнча унаа жуучу пунктун ээсине протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.