ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте керектөөчүлөрдүн арызданууларынын көпчүлүгү тиричилик техникаларын сатып алууга, уюлдук телефондордун сапатсыздыгына, тез тамактануу тармактарына жана сатуучулардын өз милдеттерин аткаруудан баш тартышына туура келет

Келип түшкөн арыздардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына жана бул тармакты тескеген башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык керектөөчүлөрдүн укуктарын бузган фактыларды жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө кайрылышкан жарандар тиешелүү кеңештерди ала алышат, ал эми зарылчылык болгон учурда арыздар чара көрүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга жолдонот.
 
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, керектөөчүлөрдүн арызданууларынын көпчүлүгү тиричилик техникаларын сатып алууга, уюлдук телефондордун сапатсыздыгына, тез тамактануу тармактарына жана сатуучулардын өз милдеттерин аткаруудан баш тартышына туура келет.
 
Мындан тышкары, бөлүмгө тез даярдалуучу тамактардын сапатсыздыгы боюнча көптөгөн арыздануулар келип түшөт. Шаардагы павильондор, тез тамактануу жайларынын так эсеби алынган эмес.
 
Негизги көйгөйлөр керектөөчүлөрдүн сатып алынган буюмга ишкерлерден чек талап кылбагандыгынан улам келип чыгат. Мындай учурларда Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө тиешелүү материалдарды текшерип, тастыктоо үчүн салык органдарына жолдоого туура келет.
 
Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө 454 арыз келип түшкөн. Арыздарда көрсөтүлгөн фактылар боюнча жалпы суммасы 328 462 сомду түзгөн материалдык чыгымдардын орду толуктанды.