ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте СССР спортунун чебери Камил Арслановдун элесине арналган дзю-до боюнча эл аралык мелдеш аяктады

13-14-апрелде “Кожомкул” атындагы спорт сарайында өспүрүмдөр арасында СССР спортунун чебери Камил Арслановдун элесине арналган дзю-до боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү.

 

Эл аралык мелдеште байгелүү орундар үчүн 10 салмактык категорияда Россиянын, Казахстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын 500гө жакын балбандары күч сынашты.
 
Аталган мелдештин салтанаттуу ачылышына: 2000-жылкы Олимпиаданын коло медалынын ээси, Европанын 7 жолку чемпиону, Россиянын дзюдо федерациясынын вице-президенти Темирлан Тменов, 2000-жылкы Олимпиадалык оюндарда дзю-до боюнча эгемендүү Кыргызстан үчүн биринчи жолу медаль алып келген Айдын смагулов, бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Андрей Курнявко, Бишкек шаарынын дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Ш.Бакиров ж.б. катышты.
 
Тимур Шин, Бекжан Төлөгөнов, Нурадин Анарбеков, Молдаш Кемелбек, Айбек Кубанычбек уулу, Нургазы Салимбаев, Мухамбет Нурланбек уулу жана башкалар эл аралык мелдеште жеңишке жетишти.
 
Борборубузда Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлдү