Бишкекте техникалык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу 23 кичи автобус иштен четтетилди
Учурда Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан техникалык талаптарга жооп бербеген кичи автобустарды иштен четтетүү боюнча иш-чаралар күчөтүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык жана санитардык абалы, айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты дайыма текшерилип турат.
28-марттан 11-апрелге чейинки мезгилде техникалык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу 23 кичи автобус шаардык маршруттардан четтетилди.
Аларга:
“Байзак-Ата” ЖЧК га таандык 7 кичи автобус;
“Бэсто” ЖЧК га таандык 1 кичи автобус;
“Герон” ЖЧК га таандык 2 кичи автобус;
“Элек” ЖЧК га таандык 2 кичи автобус;
“Ника-Плюс” ЖЧК га таандык 1 автобус;
“Аргымак КЖ” ЖЧКга таандык 1 кичи автобус;
“Дордой Транс” ЖЧК га таандык 3 кичи автобус;
“Кулатай Компани” ЖЧК га таандык 5 кичи автобус кирет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
08.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |