ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте техникалык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу 23 кичи автобус иштен четтетилди

Учурда Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан техникалык талаптарга жооп бербеген кичи автобустарды иштен четтетүү боюнча иш-чаралар күчөтүлүүдө.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын  техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык жана санитардык абалы, айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты дайыма текшерилип турат.
28-марттан 11-апрелге чейинки мезгилде техникалык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу 23 кичи автобус шаардык маршруттардан четтетилди.
 
Аларга:
 
Байзак-Ата” ЖЧК га таандык 7 кичи автобус;
“Бэсто” ЖЧК га таандык 1 кичи автобус;
“Герон” ЖЧК га таандык 2 кичи автобус;
“Элек” ЖЧК га таандык 2 кичи автобус;
“Ника-Плюс” ЖЧК га таандык 1 автобус;
“Аргымак КЖ” ЖЧКга таандык 1 кичи автобус;
“Дордой Транс” ЖЧК га таандык 3 кичи автобус;
“Кулатай Компани” ЖЧК га таандык 5 кичи автобус кирет.