ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Чүй жана Манас проспектлеринде жолдорду кезектеги оңдоодон өткөрүү иштери аяктады (жол жыртыктарын бүтөө).

 

Азыркы учурда Жибек Жолу проспектинен Маевка айылына чейин Махатма Ганди көчөсүндө, Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө, Жаш Гвардия бульварынан Ибраимова көчөсүнө чейин Токтогул көчөсүндө, Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейин Ибраимов көчөсүндө жана ЧЧКдан Чүй проспектине чейин Фучик көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө.
 
Ал эми Токомбаев, Гагарин жана Чапаев көчөлөрүндө жолдорду оңдоого даярдоо иштери жүрүп жатат.