Эл аралык Эне тил майрамы белгиленди
Октябрь райондук администрациясы 2013-жылдын 26-февралында эл аралык Эне тил күнүнө арналган салтанатты №20мектеп-гимназияда өткөрдү. Майрамга Кыргызстан элинин Ассамблеясынын, мэриянын өкүлдөрү жана администрациянын жетекчилиги чакырылган.
Райондук кызматтар ,аймак башкармалыктары ар улуттун тарыхынан баян айтып, улуттук кийимдер, ыр-күүлөр жана бийлерди көрүүчүлөргө тартуулашты. Салтанат күйөрмандардын кызуу колдоосу менен өттү. Кыргызстан элинин Ассамблеясынын, мэриянын өкүлдөрү жана администрациянын жетекчилиги тарабынан катышуучуларга белектер тапшырылып жылуу тилектер айтылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |