ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда «21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” арналган иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жана райондук администрациянын иш-чараларынын планына ылайык, улуттар арасында ынтымакты бекемдөө, эне тилин, маданиятын сактоо максатында Биринчи май районундагы жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде класстык сааттар, фестивалдар, адабий кечелер өткөрүлөт. Райондун №54-орто мектебинде 2013-жылдын 20-февралында саат 12.00до  жана №27-орто мектебинде 2013-жылдын 21-февралында саат 11.00до  “Эне тилим – эне сүтүм” аттуу фестивалдар, ошондой эле, №19-орто мектепте 2013-жылдын 21-февралында “Улут болсом, тилим менен улутмун” аттуу адабий кече өткөрүлмөкчү.