ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Мамлекеттик тилди мыкты билген үй-бүлө” сынагын жарыялады.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2012-жылды – Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы, - деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик тилди мыкты билген үй-бүлө” сынагынын жобосу Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларына,түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана кызматтарына жөнөтүлдү.

 
Урматтуу жетекчилер, аталган сынакты мекеме-уюмдарда өткөрүүменен, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө кызыгуу арттырууга, улуттар арасындагы ынтымактуулукту бекемдөөгө, улуттук маданиятты таанытууга, элдик оозеки чыгармачылыкты жайылтууга, мамлекеттик тилди мыкты билген расмий жана бөтөн тилдүү чыгармачыл үй-бүлөлөрдү моралдык жана материалдык жактан колдоого жигердүү салым кошоруңуздарга ишенебиз.
 
Сынак Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларында, түзүмдүк бөлүмдөрүндө, кызматтарында, мектепке чейинки, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарында өткөрүлөт.
Шаардык жыйынтыктоо иш-чарасына райондук администрациялардын жана шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн сынактарынын жыйынтыгы боюнча 1-орунду алгандар катыша алышат.
 
Сынактын жыйынтыгы Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 2012-жылдын 20-декабрына чейин чыгарылат.
 
“Мамлекеттик тилди мыкты билген үй-бүлө” сынагынын жобосу
 
  1. Жалпы маселелер
Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2012-жылды– Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы, - деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, расмий жана бөтөн тилдүүлөр арасында “Мамлекеттик тилди мыкты билген үй-бүлө” сынагын жарыялайт. Сынак Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларында, түзүмдүк бөлүмдөрүндө, кызматтарында, мектепке чейинки, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарында жайылтылат.
 
2.    Сынактын максаты:
-          Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили  жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу;
-          мамлекеттик тилдин конституциялык макамын көтөрүү;
-          мамлекеттик тилди үйрөнүүгө кызыгуу арттыруу;
-          улуттар арасындагы ынтымактуулукту бекемдөө;
-          улуттук маданиятты, каада-салттарды, элдик оозеки чыгармачылыктыжайылтуу;
-          мамлекеттик тилди мыкты билген расмий жана бөтөн тилдүү чыгармачыл
үй-бүлөлөрдү моралдык жана материалдык жактан колдоо.
 
                                             3. Сынактын шарттары:
Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларында, түзүмдүк бөлүмдөрүндө, кызматтарында, мектепке чейинки, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарында эмгектенген расмий жана бөтөн тилдүүкызматкерлерүй-бүлөсү менен катыша алышат. Ошондой эле билим берүү уюмдарынын расмий жана бөтөн тилдүү тарбиялануучулары, окуучулар жана студенттер үй-бүлөсү менен катыша алышат. Сынакта төмөндөгүдөй тапшырмаларжаш курагына жана татаалдыгына карай берилет:
-          сөздөрдүжана тексттерди мамлекеттик тилден расмий тилге, же расмий тилден мамлекеттик тилге которуу;
-          иш-кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн үлгүлөрүн билүү;
-          берилген тема, же сюжеттүү сүрөт боюнча  аңгеме түзүү;
-          прозалык же поэзиялык чыгармадан жатка көркөм окуу;
-          “Манас”эпосунан ж.б. кенже эпостордон  үзүндү айтуу;
-          күнүмдүк турмуштан кызыктуу окуяларды сахналаштыруу;
-          улуттук каада-салттарды чагылдырган чакан сахналаштыруу;
-          макал-лакап, накыл жана учкул сөздөрдү жатка айтуу, маанисин чечмелөө;
-          табышмак жана жаңылмач айтышуу;
-          обондуу ыр аткаруу;
-          улуттук оюндарды ойноо.
4. Өткөрүүнүн тартиби:
 
Сынак Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларында, түзүмдүк бөлүмдөрүндө, кызматтарында, мектепке чейинки, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарында 2012-жылдын 12-декабрына чейин өткөрүлөт. Жеңүүчү үй-бүлөлөргө  сыйлыктар жана грамоталар иш-чараны өткөргөн мекеме-уюмдар тарабынан берилет.
Шаардык жыйынтыктоо иш-чарасына райондук администрациялардын жана шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн сынактарынын жыйынтыгы боюнча 1-орунду алгандар катыша алышат.
Өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча маалыматтарды жана табыштамаларды Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 2012-жылдын 14-декабрына чейин тапшыруу керек (Байтик баатыр көчөсү-17, 1-кабат, 7-8-бөлмө, байланыш телефондор: 514417, 514430).   
 
                                                   5. Сынактын жыйынтыгы:
Сынактын жыйынтыгы Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 2012-жылдын 20-декабрына чейин чыгарылат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана грамоталар берилет.