ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркуловдун шаардыктарды “Курман айт” майрамы менен куттуктоосу.

           Урматтуу мекендештер!

 
          Урматтуу мусулмандар!
 
    Сиздерди чын дилимден ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктаймын! 
 
     Ыйык Курман айтты дүйнө жүзүнүн мусулмандары таза ниети жана келечектен жакшылык менен ийгиликтердин жышаанасын күтүү менен белгилешет. Бул майрам – касиеттүү майрам катары аалам элдерин бири-бирин урматтоого жана мээримдүүлүккө, биримдикке жана ынтымакка үндөө менен, адамдардын жүрөгүндө үмүттүн шам чырагын жандырып келген.     
          
     Биздин өлкөбүздөгү мусулмандар элибизди тынчтыкка, биримдикке, сабырдуулукка жана өз ара кечиримдүүлүккө чакырып, жакшылыктын элчиси болуп, ниетин тазартуусу алардын адам катары да, мусулман катары да ыйык милдети.    
                     
     Кыргызстан эли дүйнө эли менен биргеликте тынчтык аркылуу бакубат турмушка жетүүгө умтулат. Адамзат бөлүнбөстөн, бири-бирине бир туугандай мамиле жасаганда гана Кудайдын ырайымына ээ болоору талашсыз. Мындай биригүүгө ыйык Курман айт майрамы дайыма элди үндөп келген жанаыңгайлуу шарт түзүп келген.
 
        Жалпы журтубуз дилибизди тазартып, ниетибизди агартып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта жашасак, Кыргызстандын келечеги кең болооруна ишенем.
Ушул күндөрү ажылыкка барып, мусулманчылыктын ыйык парзын аткарышкан мекендештерибизге, бир туугандарыбызга өзүбүздүн тилектештигибизди билдиргим келет жана алардын бийик тилектери, максаттары ишке ашсын.
 
        Жараткан Алла Таала үстүңүздөргө ар дайым ачык асман, бакубат турмуш орнотуп, ийгиликте, сабырдуулукта жана чың ден-соолукта жашаңыздар!   Дайыма бири-бирибизге кайрымдуу, бири-бирибизге карамдуу бололу жана бир туугандык, боордоштук сезимибизден эч качан ажырабайлык.