ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган Бишкек шаардык “Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч” аттуу салтанаттын

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын   Мамлекеттик тил күнүнө карата 2012-жылдын 19-сентябрында саат 15.00дө Т.Абдумомунов атындагы  Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч” аттуу шаардык салтанат болуп өтөт.

 
Сентябрь айы Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларында, түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана кызматтарында, билим берүү уюмдарында мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.
 
Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан “Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты мекеме, мыкты адис” жана “Мамлекеттик тилдеги мыкты иштелмелер” сынактары өткөрүлдү. Сынактардын жыйынтыгы боюнча алдынкылар шаардык салтанаттуу иш-чарада сыйланат.
 
Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңештин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз илимдер академиясынын,   “Кыргыз тили” жана “Ыйык – Ата журт” коомдорунун, Бишкек шаарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын жана билим берүү борборлорунун, жогорку жана кесиптик окуу жайлардын, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү,  мамлекеттик тил боюнча адистер, эмгек ардагерлери жана мугалимдер катышат.
 
Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркулов жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч.Момбеков, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.К.Кайыпов куттуктоо сөз айтып, алдыңкылар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланат.
 
Шаардык иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталат.