ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу семинарларда, кыргыз алфавити бар компьютер клавиатурасы жөнүндө маалыматтар берилип жатат.

  Бишкек шаарынын мэриясына караштуу  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекованын билдирүүсү  боюнча, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү үчүн көпчүлүк мекеме-ишканалар компьютерлерине кыргыз шрифтин,  “Тамга-КИТ” программасын орнотуп иштеп келе жатышат. Ошондой эле бөлүм тарабынан шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн  компьютерлерине мамлекеттик тилдеги жаңы “Тамга-КИТ/2010” программасын киргизүү боюнча автордун - Эмил  Асановдун катышуусу менен бир топ семинарлар өткөрүлүп, көптөгөн жетекчилер өз мекемелерин аталган программа менен камсыздандырышкан.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин кээ бир мекемелердин мамлекеттик тилдеги иш кагаздарында кыргыз тилиндеги “ө”, “ү”, “ң” тамгаларынын ордуна “о”, “у”, “н” тамгаларынын жазылышы зээнди кейитет.
 
Бул маселени жоюу,  иш кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү максатында, сатып алууда көп акча каражатын талап кылбаган жана колдонууга жеңил болгон, кыргыз алфавити бар компьютер клавиатурасы жөнүндө маалымат берген семинарлар бөлүм тарабынан өткөрүлүп, анда катышуучулар  авторго жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Ачылыш аземи  2011-жылдын февраль айында болгонуна карабастан, бир топ мекемелерде кыргыз клавиатурасы жөнүндө маалымат жок экен.
 
Семинарлар кыргыз алфавити бар компьютер клавиатурасын иштеп чыккан автор - Нурмукамбед Абдыкадыровдун  катышуусу менен өткөрүлүп, анда кыргыз алфавити бар компьютер клавиатурасын иштеп чыгуу жана колдонуу максаты, клавиатуранын раскладкасы жана анын иштөө принциби, ал кайсы программалар менен шайкеш иштей тургандыгы жөнүндө сөз болуп, эң негизгиси, кыргыз тилиндеги 36 тамга толук жайгашып, “Ө”, “Ү”, “Ң” тамгаларынын клавиатуранын бетинде туруктуу өз ордуна ээ болгондугу белгиленип жатат.