ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн расмий жана бөтөн тилдүү кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди үйрөтүү курстары өткөрүлүп жатат

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Ниязбекованын билдирүүсү боюнча, 2012-жылдын июль айынын башынан Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 14 кызматкери, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 18 кызматкери, Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын 5 кызматкери мамлекеттик тилди үйрөнүү курстарында окуп жатышат.
 
2012-жылдын 16-июлунан баштап шаардык Дезинфекциялык станция мекемесинин 13 кызматкери, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 28 кызматкери, Октябрь райондук муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистери үчүн мамлекеттик тилди үйрөтүү курстары өткөрүлөт.
 
Тил үйрөтүү окуу курсунун көлөмү жалпы 72 саатты түзөт. Окуунун аягында катышуучулар мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сынак тапшырышат. Сабактар Кыргыз-Түрк Манас университетинин, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин ж.б. жогорку окуу жайлардын тажрыйбалуу мугалимдери менен бирдикте өткөрүлүп жатат.