ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

29-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын кезектеги коллегиясы болуп өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы 2012-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын аткарылышы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районундагы түзүмдүк бөлүмчөлөрүндө, саламаттык сактоо мекемелеринде, муниципалдык аймактык башкармалыктарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүсү жөнүндө маселени өзүнүн кезектеги коллегиясында карады.

 
Аталган коллегия Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрация башчысы А.Алиевдин төрагалыгы астында өттү жана коллегиянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы  Р.Момбеков катышты.
 
Райондун түзүмдүк бөлүмчөлөрүндө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын аткарылышы боюнча кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча райондук администрация тарабынан эскертүүлөр берилди.