ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Биринчи май району райондун ак халатчандарын кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн 28-июнунда Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы "Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкерлер күнү” кесиптик майрамына арналган райондун саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлерди салтанаттуу куттуктоо иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чарага райондун аймагында жайгашкан 27 саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери жана 31 медициналык кызматкерлер чакырылган.
 
Райондун саламаттык сактоо тармагына өздөрүнүн зор салымын кошкон медициналык кызматкерлер Биринчи май райондук администрациясынын, Бишкек шаардык кеңешинин  Ардак грамоталары  жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.