ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы менен 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча биргелешкен иштерди алып барды

 

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаардык Ички иштер башкы  башкармалыгынын кызматкерлери үчүн 2012-жылдын март айында “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу тажрыйбалык окууларды өткөрдү.

 

 

2012-жылдын  апрель айында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы менен бирдикте Ленин, Октябрь, Свердлов, Биринчи май райондук Ички иштер  башкармалыктарынын жана милициянын кайгуул-күзөт полкунун иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү  боюнча текшерүүлөрдү уюштуруп, усулдук жардамдарды көрсөттү. Текшерүүнүн жыйынтыгында,  Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт полкунда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын белгиледи.  

 

2012-жылдын май айында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын Свердлов, Ленин, Биринчи май, Октябрь райондук Ички иштер  башкармалыктарынын жана милициянын кайгуул-күзөт полкунун кызматкерлерине “Иш кагаздарын  мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу семинар-тренингдерди жана тажрыйбалык окууларды өткөрдү.