ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү КТРКнын 1-радио уктуруусу менен биргеликте Бишкек шаарындагы тышкы көрнөк-жарнактардын абалы тууралуу түз эфирдеги уктурууну уюштурду

2012-жылдын 22-июнунда КТРКнын 1-радио уктуруусунда саат 12.10дон 13.00гө чейин Бишкек шаарындагы тышкы көрнөк-жарнактардын абалы боюнча түз уктуруу болду. Ага Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кыдыршаев Нурлан, Бишкек шаарынын Жарнама департаментинин директору Алаков Вахтанг, Бишкек башкы архитектурасынын башкы сүрөтчүсү Усубалиев Болот, жеке ишкер Бакирова Лола, алып баруучу Кайыпова Зинакан  жана радио угармандар суроо берүү аркылуу катышышты.
Түз уктурууда Бишкек шаарындагы тышкы көрнөк-жарнактардын бүгүнкү күндөгү абалы талкууга алынып, жарнактарга уруксат алуу жана илүүнүн тартиптери жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген, грамматикалык каталар менен жазылган, мамлекеттик тилге туура эмес которулган жарнактарды алып салуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу сөз болду. Өзгөчө, жеке ишкерлерге жарнамаларды илүүдө жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүп, уруксат алуу тартиптерин сактоо эскертилди.
 
Сырткы жарнактарга уруксат берүүдө мамлекеттик тилдеги тексттин тууралыгы тастыкталгандан кийин, Бишкек башкы архитектура жарнаманы коюу эскизин бекиткенден кийин, Бишкек шаарынын Жарнама департаментине жөнөтөт жана ал жерден орнотууга уруксат берилет.
 
Жарнамаларда тексттин мамлекеттик тилдегиси жок болгон, же мамлекеттик тилдеги текст кичине тамгалар менен жазылса, грамматикалык каталар болгон, бир тилден экинчи тилге туура эмес которулган, уруксатсыз илинген, адеп-ахлакка жат келген, спирт ичимдиктери менен тамеки өнүмдөрүн үгүттөгөн, шаардын көркүн бузган жарнамалар жазуу түрүндө 3 күндөн 10 күнгө чейин жарнама ээлерине эскертүү берүү менен алынып салынат.
 

Угармандар борбор шаарыбыздагы көрнөк-жарнактарды тартипке келтирип жаткан Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын иш-аракеттерин жактырып, колдоого  алып, ийгиликтерди каалашты.