ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өзгөчө үлгүдөгү аттестат алган 2011-жылдын отличниктеринин шаардык бүтүрүү кечеси

 

 

2012-жылдын  отличник  бүтүрүүчүлөрүн  куттуктоо  салтанаты 2012-жылдын 20-июнунда “ Соң - Көл”  ресторанында саат 14.00  дон  саат  18.00 го  чейин  болот.  Бишкек  шаарында  мектепте бардык  жылдары    “эң  жакшы” деген  баага гана окуган  окуучулар  үчүн  шаардык  бүтүрүү  баллын  өткөрүү  салтка  айланып  калган.

 

Шаардык  мектептердин  4824  бүтүрүүчүлөрүнүн  ичинен  74тү  Бишкек  шаардык  мэриясынын Билим  берүү  башкармалыгы  тарабынан  өткөрүлө  турган шаардык  бүтүрүү  кечесинин коноктору  болушат.

 

Жыл  сайын  Бишкек  шаардык  Кеңеши  бул  салтанатка каражат  бөлөт,  үстүбүздөгү  жылы  да 900 миң  сомго жакын каражат  бөлүнгөн.

 

“Алтын”  бүтүрүүчүлөрдүн  арасында республикалык  жана  шаардык  олимпиадалардын, көп  сандаган  республикалык  жана  шаардык  ар  кандай  кароо- сынактардын  жеңүүчүлөрү  бар.  Бүтүрүүчүлөргө алган  баллдары  боюнча  ЖОЖдорго  бюджеттик  орундардан  орун берилген. Жалпы  республикалык  тестирлөө  артта  калды. Алдыда  ЖОЖдорго  тапшыруу  экзамендери  турат,  бирок көптөгөн  бүтүрүүчүлөр  мөөнөтүнөн  мурда  эле  студент  болуп  калышкан.    

 

Өлкөбүз чыгармачылык  потенциалы  жогору, күч-кубаттуу,  таланттуу,  татыктуу жаштарыбыз  менен  толукталат. Алар  келечекте  Кыргызстандын  гүлдөп  өсүшүнө,  элдин  жыргалчылыгы  үчүн  өз  салымдарын  кошмокчу.

 

Салтанаттуу  кечеге Бишкек  шаарынын  мэри  И.Өмүркулов, шаардык Кеңештин төрагасы, райадминистрацияларынын акимдери, мектеп  директорлору,  ата-энелер  коомунун  өкүлдөрү  катышат.  И.Өмүркулов  бүтүрүүчүлөргө куттуктоо  сөз   сүйлөп,  орто  билими  тууралуу артыкчылык  аттестаттары  менен  кошо  эстелик  медальдарын  тапшырат.  Окуунун  отличниктери  үчүн  салт  болуп  калган “Акыркы  коңгуроо”  кагылат.  Медалисттер  да  өздөрүнүн  сөздөрүн  айтышат.

 

Сыйлоо  салтанатынан  кийин  майрамдык  театрлаштырылган  концерт  салтанаттуу   кечени  жыйынтыктайт.