ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1 июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү

1 июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде өткөн иш – чарага Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясы, Ново–Покровка айылында жайгашкан “Алтын уя” боорукерлер үйүнүн тарбиялануучулары, Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын, музейлердин кызматкерлери катышышты. Иш–чаранын катышуучуларын Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын директору А.Момаханова куттуктады.

 

Иш–чарада балдардын “Бактылуу балалык” аттуу асфальттагы сүрөт конкурсу өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды.
 
Келген коноктор үчүн Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинин экспозициялык залдарында экскурсия өттү, жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун ОДХ факультетинин, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук консерваториясынын студенттери чакан концерт уюштурушту.
 
Иш–чаранын аягында балдарга балмуздак, минералдык суу таратылып, белектер берилди.
Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясы Жогорку Кеңештин депутаты И.Пирматовдун жардамчысына, “Шоро” компаниясына, дүң балмуздак сатуучу дүкөндүн ээси С.Алымбаевге, “Джунхай” базарынын администрациясына иш–чараны өткөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.