ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1 июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү

 

1июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата И. Раззаковдун үй – музейинде № 28 балдар бакчасы менен биргелешкен иш – чара өттү. Бул иш –чарага Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясы, Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жана музейлердин кызматкерлери катышышты.
 
Балдар бакчасынан келген 50 бала музейдин экспозициясы менен таанышып, кызыктуу экскурсия угушту. Балдардын арасында асфальттагы сүрөт, ыр конкурсу уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды.
 
Бул балдардын музейге биринчи жолу келиши болуп, эстеринен кеткис из калтырды.
 
Бул иш – чарага  көмөк көрсөткөн № 28 балдар бакчасына, “Шоро” компаниясына жана “Джунхай” базарынын администрациясына терең ыраазычылык билдиребиз.