ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районунда “Манас баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгы жыйынтыкталды

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы №18 “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын “Манас” баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу мөөнөтү 2012-жылдын 9-апрелинен 30 – апрелине чейин бир айлык Биринчи май районунун аймагындагы бардык жалпы билим берүү мекемелеринде өткөрүлдү.
Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан ар бир мектепке ырааттама бекитилип, конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, тарбиялык сааттар, белгилүү манасчылар же манас таануучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер уюштурулду. 
 
2012-жылдын 15-майында Биринчи май районунун №54 мектебинде райондук деңгээлде  аталган иш-чара жыйынтыкталып, Кыргыз Республикасынын Презтдентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын жана Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнөн өкүлдөр чакырылды.
 

Мыкты деңгээлде уюштурган райондун мектептери жана бала-бакчалары байгелүү орундарга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жана Биринчи май райондук администрациянын Ардак Грамоталары менен сыйланышты.