Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районунда “Манас баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгы жыйынтыкталды
- Подробности
- Опубликовано 15.05.2012 14:19

Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан ар бир мектепке ырааттама бекитилип, конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, тарбиялык сааттар, белгилүү манасчылар же манас таануучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер уюштурулду.
2012-жылдын 15-майында Биринчи май районунун №54 мектебинде райондук деңгээлде аталган иш-чара жыйынтыкталып, Кыргыз Республикасынын Презтдентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын жана Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнөн өкүлдөр чакырылды.
Мыкты деңгээлде уюштурган райондун мектептери жана бала-бакчалары байгелүү орундарга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жана Биринчи май райондук администрациянын Ардак Грамоталары менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
21.03.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |