Биринчи май районунун аймагында жайгашкан кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борбору тарабынан “Манас-глазами детей” аттуу иш-чара уюштурулду.
- Подробности
- Опубликовано 02.05.2012 12:09
Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан ар бир мектепке ырааттама бекитилип, конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, тарбиялык сааттар, белгилүү манасчылар же манас таануучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер уюштурулуп жатат.
Аталган айлыктын алкагында 2012-жылдын 30-апрелинде Биринчи май районунун №78 орто мектеби тарабынан «Манасты даңазалоо-кыргызды даңазалоо» аттуу семинар уюштурулду. Аталган иш-чарада жогорку класстын окуучуларынын аткаруусунда «Манас” эпосунан үзүндү айтылып, «Саякбай Каралаевдин «Манас» эпосун айтып калышын» сахналаштырып, адабий кече өткөрүлдү.
Ошондой эле, Биринчи май районунун аймагында жайгашкан кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борбору тарабынан “Манас-глазами детей” аттуу иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чарада Бул “Алманбеттин Бээжинден жеңиш менен келиши” аттуу сахналаштыруу көрсөтүлдү. Айтылуу манасчы Шайлообек Рашов чакырылып, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
15.06.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |