ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү Бөлүмүнүн билдирүүсү

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Манас” баяны – ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгын (апрель) жарыялагандыгына байланыштуу жана Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн 2012-жылга карата иш планына ылайык, “Манас” баяны – ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгынын жобосун (тиркелет) сиздерге жөнөтөт.
 
Урматтуу жетекчилер, бул иш-чараларды уюштурууга жигердүү колдоо көрсөтөсүздөр деген ишеничтебиз. Өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча маалыматтар Бишкек шаарынын мэриясына 2012-жылдын 4-майына чейин тапшырылсын.
           
 
 “Манас” баяны – ыйык көркөм сөз өнөрү”
бир айлыгынын жобосу
 
1.    Жалпы маселелер
Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы   Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү  “Манас” баяны – ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгын (апрель) жарыялайт.
 
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Манас” баяны – ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгынын жобосуна ылайык түзүлдү.Иш-чараларгаБишкек шаарынын мэриясынын      райондук администрацияларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, кесиптик, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, мугалимдери жана тарбиялануучулары катыша алышат.
2. Бир айлыктын максаты:
-          Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу;
-          мамлекеттик тилдин конституциялык макамын көтөрүү;
-          “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо;
-          жаш муундарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу;
-          таланттуу  кызматкерлерге, чыгармачыл уюмдарга өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө шарт түзүп берүү.
 
3. Бир айлыктын  шарттары:
         Айлыктын алкагында төмөнкү багыттагы иш-чараларды уюштурса болот:
-          “Манас” баяны – ыйык көркөм сөз өнөрү”, “Манасты даңазалоо – кыргызды даңазалоо”, “Урпактар уучту уласын”, “Манас” – турмуштук философия”, “Манас” – кыргыз рух дүйнөсүнүн туу чокусу”, “ХХI кылымдагы “Манас” дүйнөсүнүн жаралышы”, “Манас” – төгүлбөс, үзүлбөс түбөлүктүү агым”, “Манас” – бүтпөгөн кенч-казына”, “Манас” –  түпкү тегим жана мен”, “Манасчылык – табигый кубулуш” ж.б. темада конференция, семинар, тегерек стол, тарбиялык саат, кароо-сынактар;
-          белгилүү манасчылар, манастаануучулар менен жолугушуу, адабий кечелер, лекциялар;
-           “Манас” кабинеттерин жана бурчтарын түзүү. Дубал гезиттерди чыгаруу, буклет жасоо, китеп жана сүрөт көргөзмөлөр ж.б.;
-          улуттук оюндар боюнча мелдештер;
-          видео тасма, жарнамалык видео тасма, дилбаян, слайд-баяндамалар ж.б. сынактарды өткөрүү;
-          Манас айылына, Манастын эстеликтерине экскурсиялар ж.б.
 
4. Өткөрүүнүн тартиби:
Иш-чаралар 3 этап менен өткөрүлөт:
·         1-этап ар бир мекеме-уюмдун ичинде өткөрүлөт;
·         2-этап райондук администрациялар тарабынан өткөрүлөт;
·         3-этап (шаардык) Бишкек шаарынын  мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан жыйынтыкталат.
 
Шаардык жыйынтыктоо иш-чарасына  райондук администрациялардын жана шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн сынактарынын жыйынтыгы  боюнча 1-орунду алган жеңүүчүлөр катышат.
 
Табыштамалар 2012-жылдын 25-апрелине чейин Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын. Дареги: Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү - 17, 7-8-бөлмө. Байланыш телефондору: (0312) 514417, 514430.
 
“Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоого байланыштуу мыкты макалалар, иштелмелер, рефераттар, иш пландар, программалар, видео тасмалар, жарнамалык видео тасмалар, дилбаяндар, слайд-баяндамаларды Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө жөнөтсөңүздөр, Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жана “Кыргыз тили” гезитине жарыяланып турат.