ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын бардык кайрылууларына өзгөчө маани берет

Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору,  WhatsApp  колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.

Ошондой эле, арыздарды  жана кайрылууларды ММКларда атайын ачылган рубрикалар жана шаардык кызматтардын  facebook социалдык баракчалары аркылуу калтырууга болот.

Урматтуу шаар тургундары! Жаралган көйгөйлөрдү ыкчам жана сапаттуу чечүү үчүн тиешелүү кызматтардын түз даректерине кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Сиздердин туура  багыт алууңуздарга жардам көрсөткөн маалыматтар менен бөлүшөбүз.

“Бишкексууканал” башкармалыгына муздак суу жана канализация маселелери боюнча кайрылсаңыздар болот. “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы, ошондой эле, “Бишкекжылуулуктүйүнү” ААК үйлөрдү, мекемелерди жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылууга жооп берет. Шаар тургундарынын үйлөрүнө электр энергиясын берүүнү “Түндүкэлектр” ААК, газ менен камсыз кылууну “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Бишкекгаз” филиалы аткарат.

Бишкек шаарынын мэриясы турак жай-коммуналдык чарбага байланышкан бардык маселелер боюнча коммуналдык ишканалардын жана мекемелердин диспетчердик кызматтарынын номерлерине жана түз байланыш номерлерине ТҮЗ жана ДАРЕКТҮҮ кайрылууңуздарды өтүнөт.

- “Бишкексвет” МИнин диспетчердик номери -  31-17-23;

- «Кыргызтелеком» ААК  Бишкек филиалынын диспетчердик кызматынын номери - 60-19-01;

- “Түндүкэлектр” ААК калкты сапаттуу тейлөө бөлүмү - 33-88-22;

- “Бишкекжылуулуктүйүнү” ААК Call-борбору - 61-11-69;

-“Бишкекжылуулуктүйүнү” ААК  Борбордук районунун кезметтеги инженерлери - 36-57-19, 30-07-67;

- “Бишкекжылуулуктүйүнү” ААК  Түштүк районунун кезметтеги инженерлери 51-06-22, 21-74-06;

- “Бишкекжылуулуктүйүнү” ААК  диспетчердик кызматы - 56-85-58;   

- “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын диспетчердик кызматы - 49-00-86, 49-02-65;

 - “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын абоненттик бөлүмү - 21-28-47;

 - “Бишкексууканал” башкармалыгынын борбордук диспетчердик кызматы - 56-03-20;

-  “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кабылдамасы - 34-51-02;

- “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кабылдамасы - 37-53-30;

Турак жай-коммуналдык чарбага байланышкан маселелер  - тышкы жарыктандыруу, суу менен камсыз кылуу, санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана башка маселелер боюнча калаанын райондук администрацияларынын акимдеринин орун басарларынын телефон номерлерине WhatsApp колдонмосу аркылуу ТАК ДАРЕКТЕРИН КѲРСѲТҮҮ менен көйгөйлөрдү жибере аласыздар:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.