ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленип жатат

Бишкек шаарында Эл аралык балдарды коргоо күнүнѳ арналган майрамдык иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ.

Эмен сейил багында кичинекей шаар тургундары жана коноктору үчүн «Баластан» шаардык балдар майрамы ѳткѳрүлдү. Балдар үчүн 50 кызыктуу аянтчалар: кыргыз эстрада жылдыздарынын, балдар чыгармачыл топторунун  катышуусунда музыкалык-оюн-зоок программалар,  мектеп театрлары, окуучулардын гала-концерти, балдар кѳчмѳндѳр оюндары, «Жаш журналисттер» пресс-борбору, интеллектуалдык оюндар, балдар китептер дүйнѳсү, «Бишкек мен сени сүйѳм» викторинасы, Ч.Айтматов дүйнѳсү, спорттук мелдештер жана башка оюндар уюштурулду.

Ошондой эле, Эмен багында БУУ ЮНИСЕФ балдар фонду боз үй орнотуу менен жана анимторлордун катышуусунда «Балдар кѳчмѳндѳр оюну» аянтчасын уюштуруп, балдар менен биргеликте оюндарды ѳткѳрүштү.

Майрамдык иш-чарада балдарды  Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Токтосун Султанов  куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында тѳртүнчү ирет «Жаш таланттар» окуучулардын гала-концерти ѳткѳрүлдү. Эскерте кетсек, ушул жылдын март жана апрель айларында калаанын тѳрт районунда тандоо турлары ѳткѳрүлүп, шаардык тандоо туру 18-майда ѳткѳн. Бүгүнкү гала-концертке  Бишкек шаарынын мектептеринин кѳркѳм-эстетикалык музыкалык ийримдеринин окуучулары катышты.

Мындан тышкары, Эл аралык балдарды коргоо күнүнѳ арналган майрамдык иш-чаралар калаанын бардык жерлеринде ѳткѳрүлүүдѳ.