ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Ак-Ордо” конушуна жаратылыш газы бериле баштады

“Ак-Ордо” жаңы конушуна “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы тарабынан жаратылыш газы бериле баштады. Жаратылыш газын киргизүү иш-чарасына район башчысы Нурдин Тынаев катышты.

“Ак-Ордо” конушуна жаратылыш газын берүү үчүн толук кандуу курулуш иштери 2017-жылдын июнь айында башталганын салтанаттуу ачылыш аземинде “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын “Бишкекгаз” филиалынын генералдык директору Дергачева Ирина Витальевна маалымдады.

Жаңы конуштун газ түтүгүнүн жалпы узундугу долбоорго ылайык 66 км ашат жана аткарылган иштердин жыйынтыгында жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө 4200дөн ашык турак жай ээ болот.

Азыркы учурда “Ак-Ордо” конушунун №53, №55, №56 кварталдарына жаратылыш газы менен камсыздоо аяктады, жогоруда аталган 3 кварталдагы жеке турак жайлардын саны 800 үй, газ түтүгүнүн жалпы узундугу 21км ашат.

“Ак-Ордо” жаңы конушун газдаштыруу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын инвестициялык программасынын алкагында жүргүзүлүп, аталган программа республиканын бардык аймактарын толук кандуу жаратылыш газы менен камсыздоону көздөйт жана ар-бир жарандын жашоо турмушунун жакшырышына экономикалык эле жактан эмес социалдык жактан таасирин берет.

Белгилей кетчү жагдай, Ленин районунун жашоочуларына ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Ленин районунун аймагында Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын тейлөө кызматы ачылган, ал жерде ар-бир каалоочу жаран жаратылыш газына кошулууга, эсептерди төлөөгө жана башка суроолорго жооп ала алышат.