ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери “Кыргызтест” боюнча баамдоо тестинен өтүштү

2018-жылдын март айында Бишкек шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын, “Бишкекархитектура” муниципалдык ишканасынын, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жана Биринчи май,  Ленин, Свердлов, Октябрь райондук администрацияларынын кызматкерлери “Кыргызтест” боюнча баамдоотестирлөөсүн тапшырышты.

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жана “Кыргызтест” боюнча тестирлөөгө даярдык көрүү максатында өткөрүлүп жатат.