ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмөрүндө эмгектенген кызматкерлерине  мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү.

Семинарлар мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча  милдеттер жүктөлгөн адистер үчүн кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча “Мамлекеттик тилдеги ченемдик укуктук актылардын тексттерин кодификациялоо”, “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кызматчылардын “Кыргызтесттин” негизги тестирлөөсүнөн өтүүгө даярдык көрүшүнө усулдук жардамдарды көрсөтүү”  максатында уюштурулду.

Аталган  окуу семинарлар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ №119 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114, 2016-жылдын 15-ноябрындагы  №581 жана 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомдорун аткаруу жана адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат.