Бишкекте “Жусуп Мамайдын улуу мурастары”аталышта иш-чара уюштурулду
- Подробности
- Опубликовано 16.03.2018 12:22
Бишкек шаардык Борборлоштурулган китепкана тармагында “Жусуп Мамайдын улуу мурастары”аталышта иш-чара уюштурулуп, ага И.Арабаев атындагы университетинин Манас таануу институтунун директору, профессор Топчубек Тургуналиев, №70 мектеп гимназиянын 11-классынын окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жусуп Мамайдын өмүр баяны, чыгармачылыгын чагылдырылган слайд көрсөтүлүп, Т.Тургуналиев окуучуларга Ж.Мамайдын вариантындагы Манас тууралуу, анын 8 бөлүктөн турган 18 китеби боюнча кеңири маалымат берди.
Ошондой эле, ушул эле окуу жайдын студенттери Ж.Мамайдын вариантындагы Манас айтышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Иш-чарада 8томдугу боюнча китеп көргөзмө уюштурулуп, баяндама өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын максаты жаштарды китеп окууга үндөө, Жусуп Мамай жөнүндө маалыматтарды кеӊири жайылтуу болуп эсептелинет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
12.02.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |