ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунда киреше боюнча штабынын жыйыны өткөрүлдү

Муниципалдык администрациянын жыйындар залында 2018-жылга Ленин администрациялык районунун кирешелерибоюнча жыйыны өткөрүлдү.

Аталган жыйын башчынын биринчи орун басарынын жетекчилиги  астында болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө Ленин районунун жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө келип түшкөн акча каражатын камсыз кылуу, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү жана мамлекеттик бийлик органдарынын иштерин координациялоо боюнча маселелери талкууланды.

Ленин району боюнча мамлекеттик салык кызмат башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызмат башкармалыгынын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча өкүлдөрүнүн, жергиликтүү бюджетке түшүүсүнүн планын аткаруунун жүрүшүн камсыз кылуу боюнча муниципалдык администрациянын иш-аракеттери боюнча отчеттору угулду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Штабдын төрагасы салык органына ушул жылдын I кварталына жергиликтүү бюджеттин түшүүсүн толук камсыз кылууну, ошондой эле  муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларын жергиликтүү бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу боюнча пландын айрым пункттарынын аткарылышы боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.   .

Маалымкат:Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын 2018-жылдын 28-февралындагы буйругу менен муниципалдык администрациянын 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин түшүүсүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планы бекитилген.