ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган окуу семинарлары өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү  бөлүмү тарабынан Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын кызматкерлерине жана окутуучуларына Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, “Кыргызтест” тестирлөөсүнө даярдык көрүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында өткөрүлгөн семинардын башында Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Кеңешбек Ырысов жогорку окуу жайда мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Семинардын теориялык бөлүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү  бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова өткөрдү.   

Республикалык “Кыргыз тили” коомунун төрагасы Райымжан Курбанов катышуучулар үчүн “Эне тил”, “Кыргыз тили” жөнүндө ырларды көркөм окуп, мамлекеттик тилди кеңири колдонууга жана өнүктүрүүгө чакырды.

Иш-чараны И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча секторунун жетекчиси Сапаргүл Наралиева жыйынтыктап, Бишкек шаарынын мэриясы менен мындан ары да кызматташтыкта иш жүргүзө тургандыктарын белгиледи.

Окуу семинарлары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасыжөнүндө” Жарлыгын жана КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомун ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.