ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунда Эл аралык аялдардын күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык администрациясы тарабынан Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 8-март аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарада Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык администрациясынын башчысы Н.Р.Тынаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы А.М.Кененбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Э.С.Усубалиев, А.У.Уланов, Бишкек шаарынын вице-мэри Г.А.Милицкий  «Баатыр-эне» ордени жана «Эне-данкы» медалдары менен сыйланган энелерди, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарды, маданият ишмерлерин, райондук кызматтардын адистерин, билим берүү кызматкерлерин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттукташты.


Иш-чарага 1100 айымдар катышышты. Майрамдык иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерттик программа менен жыйынтыкталды.