Октябрь администрациясы аймактык тескөөчүлөр менен жолугушууларды уюштурду
Октябрь райондук администрациясынын жыйын залында район башчысы Ренат Айтымбетовдун, ИИБнын башчысынын жана аймактык инспекторлордун катышуусунда кварталдык жана үй комитеттеринин, турак-жай ээлеринин шериктештиктеринин жана аксакалдар сотунун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, аймактык тескөөчүлөрдүн иштери, жол кыймылынын коопсуздугу, баш аламан соода сатык, паспортторду текшерүү, туруктуу үй-жайсыз адамдар жана башка суроолор көтөрүлүп, жооптор берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында район активдери укук бузуу көйгөйлөрүн четтеттүүдө аймактык инспекторлор менен тыгыз иш алып баруу чечими чыгарылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
28.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |