ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик туу күнүн белгиледи

Бишкек шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик туусунун 26 жылдыгы белгиленди.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, вице-мэрлер, шаардык кеӊештин депутаттары, мэриянын жана шаардык кеңештин кызматкерлери катышты.

Калаа башчысы Албек Ибраимов КРнын мамлекеттик туу күнү менен шаар тургундарын куттуктады.

«Урматтуу иш-чаранын катышуучулары! Сиздерди кыргыз туусунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Туубуз өлкөбүздүн, шаарыбыздын жана андагы жашаган тургундардын өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Ар дайым желегибиз желбиреп, Кыргыз туусубийик болсун!»,-деди калаа башчысы.

Андан соӊ, КРнын мамлекеттик гимнинин коштоосунда өлкөнүн символу болгон желек көтөрүлдү.

Маалымат: Кыргыз желеги 1992-жылы 3-мартта Республиканын Жогорку Кеӊеши тарабынан кабыл алынган. 2010-жылдын 3-мартынан тартып жыл сайын Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү белгиленет. Бул майрам 2009-жылдын 10-июнунда чыккан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу туурасында» Кыргыз Республикасынын Президентинин №270-Жарлыгы менен бекитилген.