ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Борбор шаарыбызда “Бишкек – Акылдуу шаар” стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чаралардын жыйынтыктары чыгарылды

Борбордук муниципалитеттин жыйындар жайында мэриянын “Бишкек-Акылдуу шаар” стратегиясынын долбоору боюнча иш-чаралардын жыйынтыктары чыгарылган жана андан аркы аракеттердин планы көрсөтүлгөн, Улуу Британияны эл аралык өнүктүрүү боюнча департаменттин делегациясы менен болгон кезектеги иш жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда вице-мэр Эркинбек Исаков 2018-жылдын 26-февралынан 2-мартына чейин борбордо өткөн, Акылдуу шаарды түзүүнүн алга жылуу жолунда кызматташтык жана пайдалуу, ийгиликтүү иш-чараларды өткөрүү үчүн конокторго ыраазычылык билдирди. Ага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, борбордун вице-мэрлери, «Таза Коом» санариптик трансформациясынын улуттук программасынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана жеке сектор, донордук жана жарандык коом катышышты.

Өз кезегинде, DFID регионалдык кеңсесинин башчысынын орун басары Дэвид Риннерт “Бишкек – Акылдуу шаар” стратегиясынын долбоору боюнча андан ары биргеликте иш алып баруу кызыкчылыгын билдирди. DFID консультанттары бул долбоорду иштеп чыгуу боюнча жумушчу жуманын жыйынтыктары жана андан аркы кадамдары жөнүндө айтып беришти. Алардын айтуусу боюнча, Стратегиянын долбоорунун тематикалык  багыттарынын иш-чараларынын максаттарын, милдеттерин аныктоо жана белгилөө боюнча иштин негизги бөлүгү бир күндүк эки семинарды өтүүнүн жүрүшүндө жүргүзүлдү.

Жолугушуунун аягында Эркинбек Исаков өткөрүлгөн семинарлардын катышуучулары DFID консультанттарынын түздөн-түз колдоосу менен Акылдуу Бишкек шаары кандай болушу керектиги жөнүндө көз карашын элестете алыша тургандыгын жана Стратегиянын долбоорунда бөлүшкөн өз идеялары, сунуштары чагылдырылып, эске алына тургандыгын белгиледи.

Жолугушууда, ошондой эле, борбордун вице-мэри Геннадий Милицкий,  муниципалитеттин кызматкерлери, жеке секторду өнүктүрүү боюнча регионалдык кеңешчи, DFID Рауль Харбанда, DFID консультанттары Кирстон Джек жана Нина Насман катышышты.

“Бишкек – Акылдуу шаар” долбоорунун стратегиясы өзүнө “Таза коом” мамлекеттик программасынын алкагында коопсуз шаар, акылдуу унаа токтотмолор, далдаштыруунун биометрикалык  тутуму, интерактивдүү карта, муниципалитеттин коммуналдык кызматтарынын бирдиктүү кырдаалдык борборун түзүү, интеллектуалдык транспорттук тутум, банктык жана башка кызматтарды камтыйт.