ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда үй комитеттери үчүн окуу-семинары өткөрүлдү

Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү менен биргеликте квартал жана үй комитеттери үчүн окуу-семинарын өткөрдү.

Аталган окуу-семинар МАБдын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында жана үй комитеттеринин ыйгарым укуктарынын 2 жылдык мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу уюштурулду.  

Окуу-семинардын жүрүшүндө квартал, үй комитеттер жана ТЖЭШтер арасында отчеттук - кайра шайлоо жыйындарын укуктук-ченемдик актылардын негизинде  өткөрүүнүн тартиби талкууланды.

Мындан тышкары, муниципалдык администрациянын жана МАБ кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлүп, слайд көрсөтүү менен зарыл болгон иш материалдар (үлгү документтер), укуктук-ченемдик актылар таратылды.