ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Азыркы учурда жылуулукка, электр энергиясы жана суу менен камсыз кылууга байланыштуу авариялык абалдарды жоюу үчүн авариялык кызматтар тынымсыз иштеп жатат

«Бишкек жылуулук тармагы» коммуналдык ишканасынын, «Бишкек суу канал» башкармалыгынын, «Түндүк электр» ААКнун бригадалары туура эмес көрсөтүлгөн даректерге туш келишип, ошол эле учурда башка жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн ыкчам жардамды талап  кылган жерлерге жетишпей калып жатышат.

Бул себептен авариялык кызматтар авариялык абалдын катталган жерлеринин так даректери жана байланыш телефондору көрсөтүлгөн даректерге гана барууга аргасыз болушууда.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан арыздарды калтырууда даректерин жана байланыш телефондорун так көрсөтүүсүн өтүнөт. Ошондой эле,  турак-жай ээлеринин шериктештиктеринен жана үй, квартал комитеттеринен көйгөй жаралган дарекке кирүүдөгү тоскоолдуктарды жараткан тосмолорду алып коюну,  трансформатордук көмөк чордондорду, инженердик түйүндөрдү жана түтүктөрдү кароого мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү суранат.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК байланыш номерлери:

- (0312) 61-11-69 – Кардарларды тейлөө борбору;

- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун кезметтеги инженерлери;

- 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун кезметтеги инженери;

- 56-85-58 – диспетчердик кызмат.

«Түндүк электр» ААК кардарлары электр энергиясы менен камсыздоо боюнча колл-борбордун 1209 номери аркылуу же болбосо WhatsApp колдонмосу аркылуу 0772 001209 номерине арыздарды калтырууга болот. Ошондой эле, электр энергиясын өчүрүүгө байланыштуу арыздардын көптүгүнөн колл-борбордун төмөнкү номерлери иштеп жатат:

- 0555 00 52 68;

- 0555 00 51 44;

- 0555 96 70 00;

- 0702 64 49 65.