ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

Калаанын Борборлоштурулган китепканалар тармагы улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган «Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү» аталышта иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага №68 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары жана И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин студенттери катышты.


Катышуучулар Чыӊгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «Саманчынын жолу»  жана башка чыгармаларынан көркөм окуп беришти.


Иш-чаранын соӊунда сөзү Ч. Айтматовго жана обону М.Бегалиевге  таандык «Ысык-Көлдү сагынуу» ырын аткарышты.


Аталган иш-чара өсүп келе жаткан муундарга улуу жазуучуну таанытуу жана окурмандарды китепканага тартуу максатында өттү. Иш-чараны Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепканалар тармагы уюштурду.