ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза сууну үнөмдөөгө чакырат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, жыл сайын Бишкек шаарына 114млн. м³ таза ичүүчү суу берилет, бирок биз аны ойлонбостон коротобуз.

Кайталангыс ичүүчү сууну суугатка жана техникалык керектөөлөргө тонналап сарптайбыз. Бир гана кранда аккан ширеӊкенин калыӊдыгындагы агым канализацияга 400 литр баа жеткис сууну коротот.

Суу 150 метр тереӊдиктеги жер астындагы булактардан алынат. Бул беш 9 кабаттуу үйдүн бийиктигине барабар. Бишкекте суунун биринчи көтөргүчүн 300 скважина камсыз кылат. Жалпы шаар боюнча сууну бирдей бөлүштүрүү экинчи көтөргүчтөгү соркыскыч станциялары менен камсыз кылынат. Бийик көп кабаттуу үйлөргө сууну үчүнчү көтөргүчтөгү соркыскыч станциялары берет. Бишкекте алардын саны – 237. Бишкектеги суу өтмөктөр – 1423 км түзөт.

Бул татаал системаны «Бишкексууканал» башкармалыгынын 209 атайын техникасы жана 1530 кызматкери тейлейт. Алардын бардыгы күнү-түнү иштеп, Бишкек шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыздайт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы калкка ичүүчү сууну өндүрүү жана жеткирүү боюнча өзүнүн кызматына 1 куб.м.үчүн 5,38 сомду алат.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы таза ичүүчү сууну үнөмдөөгө жана «Бишкексууканалдын» кызмат көрсөтүүлөрүнө өз убагында төлөм жүргүзүүгө чакырат.

Муздак суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча «Бишкексууканал» башкармалыгына 56-03-20 номери аркылуу кайрылсаӊыздар болот.

Ошондой эле,  WhatsApp тиркемеси аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырсаӊыздар болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709 72-17-15;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборуна 185 жана 1840 номерлери аркылуу кайрыла аласыздар, ошондой эле көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554-182-185 номерине жөнөтсөӊүздөр болот.