ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ТООРУККА КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ

ТООРУККА КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 

БИШКЕК ШААРЫНЫН СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯЛЫК СИТЕМАЛАРЫН РЕАБЛИТАЦИЯЛОО ДОЛБООРУ – IIФАЗА

 

PIP 1.3а  ТРАНСФОРМАТОРДУК КӨМӨК ЧОРДОНДОРДУ, ЭЛЕКТР КАБЕЛДЕРИН ЖАНА КОШО ЖҮРҮҮЧҮ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ

АЛЫП КЕЛҮҮ

 

Бул тоорукка катышууга Чакыруу ЕРӨБдүн “Сатып алуу жөнүндөгү кабарлоо” бетиндеги веб-сайтында жайгашкан бул долбоор боюнча сатып алуу жөнүндөгү 2015-жылдын 11-февралындагы(www.ebrd.com) жалпы кулактандыруусуна ылайык чыгарылды.

 

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (ӨЭБ), мындан ары – “Сатып алуучу” Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо долбоорун - II фаза каржылоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (Банк) тарабынын көрсөтүлгөн кредиттин каражаттарынын бөлүгүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (Банк) тарабынан башкаруучулук кылган  Швейцариялык Конфедерация Өкмөтү (СЕКО) тарабынан көрсөтүлгөн гранттын каражаттарынын бөлүгүн пайдаланууну ниет кылат.

 

Сатып алуучу муну менен кредиттин жана гранттын каражаттарынын эсебинен каржыланган төмөнкү келишимдер боюнча тоорукка катышууга табыштамаларды берүүгө жеткирип берүүчүлөрдү чакырат:

 

·        Лот 1

-         Транформатордук көмөк чордон 630/10/0,4 – 1 даана

-         Транформатордук көмөк чордон 630/10/0,4 – 2 даана

-         Кошумча автоматтык өчүргүчтөр – 19 даана.

 

·        Лот 2

-         Кабель 3х95+1х50мм2 – 650м

-         Кабель 3х120+1х70мм2 – 1450м

-         Кабель 3х150+1х95мм2 – 550м

-         Кабель 3х185+1х120мм2 – 550м

 

Бир же андан көп лотторго табыштамаларды берсе болот. Ар бир лот боюнча сунушталган баалар өзүнчө көрсөтүлүшү керек. Бир нече лотторду аткарууга берилген табыштамаларда, болгон табыштамаларды салыштыруу процессинде эсепке алына турган арзандатуулар сунушталышы мүмкүн.

 

Банктын кредит каражаттарынын эсебинен каржыланган Келишим боюнча тендерге каалаган өлкөнүн компаниялары катышуу укугуна ээ.

Келишимди алуу үчүн тооруктун катышуучулары төмөндөгү көрсөтүлгөн минималдык квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

            1.Тооруктун катышуучусу Сатып алуучунун өлкөсүнө мындай товарларды алып келүүгө кадимкидей даярдоочу тарабынан укукка ээ болушу керек.

           2. Келишимди аткаруу үчүн тооруктун катышуучусунун керектүү финансылык, техникалык, өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү болушу керек. Тооруктун катышуучусунда акыркы 3 (үч) жыл ичиндеги орто жылдык товар жүгүртүүсү жылына 300 000 (үч жүз миң) Евродон кем эмес болушу керек. Тооруктардын жергиликтүү катышуучусу салык жана социалдык фонд боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалыматты, бухгалтердик баланс, киреше жана чыгаша боюнча отчет, аудитордук отчетторду ж.б. көрсөтүшү керек. Тооруктун катышуучусу ликвиддик активдерди алууга же өзүнүн карамагында бар экендигин, башка келишимдер боюнча милдеттенмелердин тооруктун катышуучусунда бар экендигин эске алып, евро эквивалентиндеги 100 000денкем эмес эсеп боюнча түзүлгөн суммадагы келишимдерди аткаруу үчүн ага жүгүртүү каражаттардын бар болуусун камсыз кылууга  мүмкүндүк берген, күрөөгө коюлбаган кыймылсыз мүлк, кредиттик линиялар жана башка финансылык каражаттар бар экендиги тууралуу далилдерди көрсөтүшү керек.

            3. Тооруктун катышуучусу Жеткирип берүүчү катары акыркы 3 жыл ичинде сунушталган товарларды жеткирип берүүдө ийгиликтүү жана маанилүү өлчөмдө бүткөрүлгөндүгү, бирдейлиги менен  3 төн кем эмес келишимди ийгиликтүү аткаргандыгы жөнүндө тажрыйбасы бар экендиги тууралуу далилди көрсөтүшү керек. Окшоштук “Сатып алуучунун талаптарынын” VI бөлүгүндө каралган физикалык көлөмдөргө, татаалдыктарга, ыкмаларга/технологияларга же андан башка мүнөздөмөлөргө негизделет.

4.      Консорциумдар жана биргелешкен ишканалар үчүн чен белгилер (ПКО):

Эгер тооруктун катышуучусу биргелешкен ишкананын атынан табыштаманы берген учурда, ал төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

а) биргелешкен ишкананын жетектөөчү компаниясы жогоруда көрсөтүлгөн минимум 70% квалификациялык чен белгисине (2) жооп берген жана квалификациялык чен белгилерде (3) көрсөтүлгөндөй  жок дегенде эки (2) келишимди аткарууда башкы подрядчы катары иш тажрыйбасы болушу керек;

b)  биргелешкен ишкананын ар бир компаниясы жогоруда көрсөтүлгөн минимум 30% квалификациялык чен белгисине (2) жооп берген жана квалификациялык чен белгилерде (3) көрсөтүлгөндөй  жок дегенде бир (1) контрактыны аткарууда башкы подрядчы катары иш тажрыйбасы болушу керек.

Эгерде жеткирип берүүчү биргелешкен ишкана болуп эсептелсе, анда эки же андан көп адамдан турган консорциум же ассоциация тарабынан бардык жактар Сатып алуучунун келишиминин шарттарын аткарууга бирдей милдеттенмелерди мойнуна алат, эгерде башкалар Сынактын жалпы шартында (СЖШ) көрсөтүлбөсө. Биргелешкен ишкана бир катышуучуну биргелешкен ишкананын атынан лидер катары чыгууга ыйгарым укук берет. Биргелешкен ишкананын Уставы же Конституциясы сатып алуучунун алдын-ала макулдугу жок өзгөртүлбөшү керек.

 

Тендердик документтерди 3010 сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз чогултулган төлөмдөн кийин төмөндөгү көрсөтүлгөн дарек боюнча алсаңар болот. Чогултулган сумма төмөндө көрсөтүлгөн “Бишкексууканал” ӨЭБнын алыш-бериш эсебине котрулушу керек.

 

Бенефицарий банкы

р/с 1091820102890180

БИК 109018

ОАО “Optima bank”, Бишкек, Кыргыз Республикасы

SWIFT:ENEJKG22

Chips UID:416502

Ортомчу банк

Standard Chartered bank, Нью-Йорк, США

SWIFT:SCBLUS33

р/н: 3582023671001

 

Төлөмдү күбөлөндүргөн документти көрсөткөндөн кийин тооруктун потенциалдуу катышуучусуна ушундай эле сынактык документтердин комплектисинин көчүрмөсү электрондук формада ага жиберилет.

Табыштамалар 2017-жылдын 23-ноябрына чейин Бишкек убактысы боюнча саат 14.00дөн кечикпестен төмөнкү көрсөтүлгөн дарек боюнча Заказчынын кеңсесине жеткирилиши керек, качан аларды тооруктун катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачарда, калоочулар бул учурда катышса болот.

 

Сатып алуунун колдонулган эрежелери Банктын сатып алууларынын принциптери жана эрежелери болуп эсептелет, аны

 

http://www.ebrd.com/news/publications/procurement-policies-and-rules.html

 

шилтемеси боюнча тапса болот.

 

Тооруктун (сынактын) потенциалдуу катышуучулары кошумча маалыматтарды алса жана сынак документтери менен таанышса болот, ошондой эле аны төмөнкү дарек боюнча алса болот:

 

“Бишкексууканал” ӨЭБы

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү

720023, Бишкек

10-кичи район, 35-үй

3-кабат, 307-кабинет

Тел.: +996 312 542119

e-mail: piu Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.