ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев райондун билим берүү тармагынын кызматкерлерин Мугалимдер  күнү менен куттуктап, муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары менен сыйлады.


Өзүнүн сөзүндө район башчысы мугалимдердин коомдогу орду чоӊ экендигин белгилеп, бекем ден соолук, ийгиликтерди жана бакубат жашоо каалады.


Райондук билим берүү тармагында 30 жалпы билим берүү уюму жана 18 мектепке чейинки билим берүү уюму иштейт жана анда 2101 мугалим жана тарбиячы эмгектенет.


Майрамдык иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.