ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада “Улут болсоң - тилиң менен улутсуң” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы  Мамлеттик тил күнүнө арналган “Улут болсоң -  тилиң менен улутсуң” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууда, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү,   улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, каада –салттарын, үрп-адаттарын даңазалоо максатында уюштурулду.

Салтанаттуу аземге Билим берүү жана илим министрлигинин,  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынан өкүлдөрү катышты.

Майрамдык  иш-чарада 2016-2017-окуу жылында Мамлекеттик тилди    өнүктүрүүдө жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгынын негизинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымдары үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын “Ардак грамотасы” жана баалуу сыйлыктары менен билим берүү уюмдарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын иш планынын негизинде 2017-жылдын 12-сентябрынын №396 буйругу менен  23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мыкты иш тажрыйба” аттуу шаардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалимдери арасында  кароо-сынак жарыяланган.  

“Мыкты иш тажрыйба” кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча эң мыкты иш тажрыйбалардын ээлери болгон жеңүүчүлөр сыйланышты.