ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада “Улут болсоң - тилиң менен улутсуң” аттуу иш-чара өткөрүлөт

Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында 20- сентябрда саат 10:00до  23-сентябрь – Мамлеттик тил күнүнө арналган “Улут болсоң - тилиң менен улутсуң” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын,  КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү,   улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, каада –салттарын, үрп-адаттарын даңазалоо болуп саналат.