ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын травматология жана ортопедия изилдөө борборунун кабылдама бөлүгү ачылды

Бүгүн, 15-сентябрда травматология жана ортопедия изилдөө борборунда кабылдама бөлүгүнүн салтанаттуу ачылышы өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, травматология жана ортопедия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков жана борбордун кызматкерлери катышты.


Бишкек шаарынын мэриясы эӊ башкы милдет элдин саламаттыгын сактоо деп эсептейт жана шаардык саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык абалдарын жакшыртуу жана шарттарды түзүүгө өзгөчө көӊүл бурат.


Борбордун кабылдама бөлүмүн кеӊейтүү жана жакшыртуу үчүн үстүбүздөгү жылдын апрель айында куруу иштери башталып, күтүү залы жана бейтаптын абалын компьютер аркылуу каттоо каралган.


Мындан тышкары, операция жасоого ылайыкталган эки кошумча зал жана тез жардам кызматы үчүн ыңгайлуу унаа токтотуучу жай курулган.


Жаңыланган заманбап борбор дарыгерлердин ишин кыйла жеңилдетип, ыкчам жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.