ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жетишсиз мектептердин көйгөйлөрүн чечет

«Sputnik Кыргызстан» пресс-борборунда «Бишкек шаарындагы мектептердин курулушу» аталышта басма-сөз жыйыны өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов катышты.


Билим берүү башкармалыгынын башчсы Сауле Мейрманованын билдирүүсү боюнча, азыркы учурда калаада 95 муниципалдык мектеп бар. 2017-2018-окуу жылында «Жал» кичи районунда жайгашкан №95 окуу тарбиялык комплекси ишке киргизилди. Мектеп –гимназия 600 окуучулук орунга ылайыкташтырылып, кытай грантына курулган. Ошондой эле «Калыс-Ордо» жаӊы конушунда №86 орто мектеби ачылды. Жаӊы мектеп 660 окуучулук орунга ылайыкташтырылган. Аталган мектеп «Tebian Electric Apparatus Stock Co» (TBEA) кытай компаниясынын жана жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн каражатка курулду.


Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан окуу жылдын аягына чейин 960 окуучулук орунга ылайыкташтырылган «Ак-Ордо» конушунда салынып жаткан мектепти ишке киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, «Көлмө» конушунда балдар билим берүү борбору курулууда.


Азыркы учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан калаанын 4 мектебинде №№ 25,10,28,44 оӊдоо-куруу иштери жүргүзүлүүдө.


Нурлан Эшенбаевдин айтуусу боюнча, № 25,44,28 мектептери төрт жылдан бери иштебей жабылып турат. 2017-жылы Бишкек шаарынын мэриясы аталган мектептерди оӊдоого каражат бөлүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеди. Жылдын аягына чейин аталган мектептерди эксплуатацияга берүү пландалууда. Ошондой эле №140 бала бакчанын айланасына тосмо орнотулду.